Социалдык-экономикалык милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү кеңештин биргелешкен аракетине жана калктын колдоосуна байланыштуу болот. Айыл аймактын социалдык-экономикалык абалын көтөрүү багытында аткарылган иштер тууралуу маалыматты.
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Социалдык экономикалык өнүгүү программасын сессияда бекитип, план тапшырмалары түзүлүп, Каргалык айылдык кеңеши менен биргеликте иш алып баруудабыз. 2022-жыл ичинде жалпы Каргалык айылдык кеңешинен чыккан токтомдор боюнча, Каргалык айыл өкмөтү аткарууга алып, өз учурунда аткарылышы боюнча маалыматтар берилип турду.
Каргалык айыл аймагында Казарман, Чет-Булак, Макмал айылдары жайгашкан. 2023-жылдын 1-январына карата калктын саны рай стат бөлүмүнө берилүүчү № 9-с отчету боюнча төмөндөгүдөй: жалпы айыл өкмөтү боюнча кожолуктун саны-2265, калктын саны-12082, мунун ичинен Казарман айылындагы кожолук- 2100, калкы-10834, Чет-Булак айылында кожолук- 160, калкынын саны-1219, Макмал айылында кожолук-5, калкы-29. Жалпы айыл өкмөтү боюнча: 2265 кожолук, 12082 калк, мунун ичинен эркектер – 6084, аялдар – 5998 болду. Кожолуктун 2021-жылдан азайган себеби: Санарип аймак боюнча анык жашагандар гана катталгандыктан жана турак үйлөрдүн документтерин бүтүрө элек жарандар жана турак-жайлар Санарип аймакка каттала элек.
|
№ |
Калктуу пункттар |
01.01.2022-жыл |
01.01.2023-жыл |
Өсүү темпи
(%) |
Айырмасы
( +,-) |
||||
| кожолук | калк | кожолук | калк | кожолук | калк | кожолук | калк | ||
| 1 | Казарман | 2076 | 11457 | 2100 | 10834 | 101,1 | 94,6 | +24 | -623 |
| 2 | Чет-Булак | 216 | 1376 | 160 | 1219 | 74,0 | 88,6 | -56 | -157 |
| 3 | Макмал | 13 | 55 | 5 | 29 | 38,4 | 52,7 | -8 | -26 |
| Жалпы: | 2305 | 12888 | 2265 | 12082 | 98,2 | 93,7 | -40 | -806 | |
Каргалык айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча, электрондук Санарип аймак аркылуу 01.01.2022-жылдан 31.12.2022-жылга чейин 10300 адамга ар кандай мазмундагы тактамалар жана жазуу жүзүндө журнал менен 1443 адамга, жалпы 11743 адамга тактама берилди. Санарип аймак тутумуна 12-ай ичинде 2265 кожолук 98,2 % га, калк 12082 же 93,7 % га жана анык ушул учурда жашап жаткан жарандар катталды.
Каргалык айыл өкмөтүнө мекеме-ишканалардан электрондук сед аркылуу 3368 кат келип түшкөн, анын ичинен аткарылганы 3344 кат, көзөмөлдөө 24 кат турат. Жеке жарандардан 166 арыз даттануулар келип түшкөн, арыз кайрылууларга жооптор өз убагында берилип, толугу менен аткарылган. Е-кызматты аркылуу өздүк делолор, Санарип аймак жана Инфодокс менен иш алып барып жатабыз.
2022-жылдын 12-ай ичинде ар кандай маселелер жана тартылып жаткан проектилердин алкагында жамааттар, элдер менен ар түрдүү жолугушуулар болуп, чогулуштар өткөрүлүп жана коомдук уюмдарды уюштуруу иштери боюнча жыйындар өткөрүлүүдө.
2022-жылдын январь-февраль айларында “Кыргыз Республикасынын калкын Санитардык-эпидемиялык жактан бейгамдыгы жөнүндө” мыйзамына ылайык, айыл аймагындагы жолбун иттерди, жугуучу кутурма оорусунан алдын алуу максатында 93 баш жолбун ит (350 сомдон) 32,6 миң сомго, 4 баш карышкыр (6000 сомдон) 24,0 миң сомго, 10-баш чөө аттууга (2500 сомдон) 25,0 миң сомго акча каражаты жумшалган. Ал эми 2022-жылдын декабрь айында 200 (эки жүз) баш ит атылып (350 сомдон) 70,0 миң сом каржыланды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жарандарды туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр, паспорт менен толук кандуу камсыз кылуу, биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган жарандарды аныктап, биометрикалык маалыматтарын чогултуу” Жарлыгы боюнча уюуштурган иш чаранын негизинде маалымдайбыз. 2021-2022-жылы биометрикадан Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу жарандарды биометрикадан өткөрүүдө бизге тиешелүү 377 жаран такталып мунун ичинен башка айыл өкмөтө 6 жаран, баспаган жана аң-сезими кем майып акт менен 5 жаран, өтө турган 2 жаран, өткөн 36 жаран, каза болгон 60 жаран, ички мигранттар -221, сырткы мигранттар – 25, белгисиз 21 жаран болуп такталган. Ал эми Kovid-19 коронавирус инфекциясына бөгөт коюу максатында элдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүп, жарандар 1-2-3 доза ваксина алып эмдөөдөн өтүштү.
Бүгүнкү күндө паспорт ала элек Кебеков Саадабай 02-май 1969-жылы төрөлгөн жаранга паспорт алууга документтери даярдалып, жана ошондой эле Султаш уулу Бекжан 19.06.1995-жылы туулган жарандын документтери даярдалып 2022-жылдын 22-декабрда экөөнө тең паспорт алынып берилди. Тажикстандын жараны Жакыпова Жумагүл Абдыкалыковна этникалык кыргыз паспорт алып, бүгүнкү күндө Нурсултанов Алишер Жуманазаровичке 08.09.2021-жылы туулган наристеге туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынып берилди.
Ал эми турак-жай боюнча мамлекеттик каттого кызыл китеп жана тех.паспорттун ала албай жүргөн жарандар Демилге (Ынтымак) жана Саз участоктору боюнча 322 турак-жай каттоодон өтө элек, үй ээси жок же мураскорго өтө турган документтери бүтө элек 350 жаран такталып, бүгүнкү күндө тех.паспортун тиешелүү документтерин даярдап бүтүргөндөр 174 жаран бүтүргөн, мунун ичинен Чет-Булак айылынан 12 жаранга жана Казарман айылынын 7 жаранына үй-бүлөлүк шарттарын эске алуу менен өтө жакыр турмушу оор жарандарга, Жергиликтүү бюджеттин калдык акча каражатынын эсебинен Каргалык айылдык кеңеши тарабынан материалдык колдоо максатында 125, миң сом акча каражаты каралып, документ бүтүрүүгө 98,4 миң сом акча каражаты каржыланып, тех паспорт жана мамлекеттик каттоо кызыл китеби алынды. Дагы турак-жай үйлөрдүн документтерин бүтүрө элек 176 жаран ар кандай себептерден улам, документтерин бүтүрө албай жатышат.
Турак-жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облустук ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жана Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациянын 2022-жылдын 15-июлундагы № 01-32/2094 сандуу катынын негизинде 2022-жыл үчүн 30 % га чыгаруу жана жыл этегине чейин Каргалык айыл аймагына караштуу 576 турак-жай үйлөрүн камсыздандыруу боюнча протоколдук тапшырма берилип, Элдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп 658 жаран турак-жай үйлөрүн камсыздандырып, план тапшырма 114,2 % га же болбосо 82 турак-жай ашыгы менен камсыздандырылды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 02-февралындагы ПЖ № 24 Жарлыгы менен бекилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 7-п ылайык Ички резервке конкурстар байма-бай жарыяланып, жарандар катышып резервке, беш жаран конкурстан өтүп келип, ички резервде турат. Штат бирдикке ылайык 2023-жылга карата да конкурстар жарыяланып, ички резервке дагы кабыл алынат.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча:
Каргалык айыл аймагында өзгөчө кырдаалды алдын алуу максатында Казарман айылындагы “Жырма” каналынын 525 метр жери тазаланып, Казарман айылынын батыш тарабындагы турак жайларды “Жетиген” участкасынын агып түшкөн сел сууларынан сактоо үчүн узундугу 150 метр аралыктагы канал казылган.
Күндүн суугунуна байланыштуу Каргалык аймагындагы Чарабай каналынын жээктерине муз тоңуп, тост каптагандыгына байланыштуу 2022-жылдын 27-декабрынан тартып, жеке ишкер Кайыпбекова Жанаркүл менен келишим түзүлүп, бир тонна (1 кг туз 15 сомдон) 15,0 миң сомго туз алынып, Чарабай каналынын жээктерине туз себилип жатат.
“Тазакызмат” муниципалдык ишканасы боюнча:
“Тазакызмат” ишканасы бүгүнкү күндө таштанды чыгаруу боюнча Казарман айылынын тургундары менен эки тараптуу келишим түзүп, иш алып барууда.
Тазасуу боюнча көйгөйдү чечүүдө төмөндөгүдөй иштер жүрүп жатат.
- Чарабай участкасындагы скважинанын жанына 60 м3 резервуар курулуп, сыноо менен жаз алдында кабыл алынат, ал эми Резервуар аркылуу Чарабай участкасында жашаган элдерди тазасуу менен камсыз кылат.
- 2022-жылы Я.Бердалиев, Ж.Акимбаев көчөлөрүнө эски Тазасуу линиясы жаңы трубалар менен алмашылып, “Аэропорт, Водозаборунан эки скважинадан тазасуу берүлүүдө, ушул учурда эки сважина концервацияга коюлган. Себеби, Чарабайдан келип жаткан суу камсыз кылып жаткандыгына байланыштуу.
- Тогуз-Торо айыл аймагындагы 1970-жылдардагы иштелип келген тазасуу водозаборун Каргалык айыл өкмөтү өзүнө алып, КР Суу чарба департаментти менен биргеликте чыккан тазасууну, тоо үстүндөгү 2000 м3 резервуарга кошуу боюнча, жалпы аралыгы 2045 метр суу линиясын тартып барып, Казарман, Ленин айылдарын тазасуу менен камсыз кылуу маселеси толук чечилет, жана КТП 100 кв коюулуп, курулуш иштери башталууда.
Жашылдандыруу көрктөндүрүү боюнча жыл сайын үч айлык иш чара жарыяланып, Каргалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинен акча каражаты каржыланат. Быйылкы жылы 149,5 миң сомго көчөттөр алынып келип, алма көчөтү 55 даана, сосна көчөт 119 даана, терек 52 даана, ясень 60 даана, карагат 160 даана, кара жыгач 300 даана, роза гүлүнүн көчөтү 180 даана, көчөттөр жана 137 пачка ар түрдүү гүлдүн уруктары мектеп, бала-бакчаларга бөлүнүп берилди. Казарман коомдук фонддунан 29,4 миң сом каржыланып, алма көчөт 570 даана, акациядан 50 даана, ясень теректен 50 даана, кара жыгач 1100 даана көчөттөрү Чет-Булак айылынын жаштар паркына 330 даана алма жана 1100 даана кара жыгач тигилди. Жашыл-мурас долбоорунан 80,0 миң сом каржыланып, 200 даана карагай көчөтү Казарман айылынын Ж.Кыдыров атындагы паркка тигилди. Ошондой эле №45 кесипчилик Лицей 14,3 миң сомдук 95 даана алма көчөттүн, өздөрүнүн эсебинен сатып келип, Каргалык айыл аймагына караштуу “Алма-бак” участкасына отургузулду.
Айыл чарба тармагы, талаачылык боюнча:
Каргалык айыл аймагында жер аянты 62181 га, мунун ичинен айыл чарба багытындагы жер 4435 га, айдоо аянты 3351 га, сугат 626 га, кайрак 2725 га, кызыр аңыз 365 га, чөп чабынды 719 га, жайыт 51930 га. Бул жерден үлүшкө бөлүнгөнү жалпы 1656га, анын ичинен сугат 372га, кайрак 1031га, чоп чабынды 238га. Айыл чарба жерлеринин фондусунун жерлери (АЖМФ) 1107 га, мунун ичинен сугат 154 га, кайрак 682га, кызыр аңыз 91га, чөп чабынды 180 га ны түзөт.2022-жылы мамлекеттик фондусунун жерлери (АЖМФ) 517,6 га, мунун ичинен сугат 171,6 га, кайрак 346 га ижарага берилген. Бирок, Айыл чарба министрлигинен “фондунун жерлерин ижарага бербей туруу боюнча” 2021-жылдын декабрь айындагы №309 токтомдун негизинде ижарасы бүткөндөр менен келишим түзүлбөй токтотконбуз. Себеби, асыл тукум малдарды өстүрүү боюнча кооперативдер жок болгондуктан, кайрадан келишимдерди түзүү боюнча такталууда.
Каргалык айыл өкмөтүнүн муниципалдык жерлерди тактоо (инвентаризация), калктуу конуштун жерлери менен айыл чарба багытындагы жерлердин чектерин аныктоону жүргүзүү жөнүндөгу буйруктун негизинде, төмөндөгү жумуштар жасалды. КР Айыл Чарба Министрлигинен 61,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, 884 (сегиз жүз сексен төрт) литр дизилдик май(салярка) алынып, төмөндөгүдөй каналдарды оңдоого жумшалды.
| № | Каналдардын аттары | Узундугу
(км) |
Бөлүнгөн
ГСМ(литр) |
Акчалай
Бирдик(баасы) |
Акчалай
Ченеми(сом) |
| 1 | Шоро | 1,5 | 61 | 69-00 | 4209-00 |
| 2 | Кыр-Жол | 3,0 | 150 | 69-00 | 10350-00 |
| 3 | Чотуке:
(Кара-Көң) |
2,6 | 120 | 69-00 | 8280-00 |
| 4 | Шалаты | 6,0 | 553 | 69-00 | 38157-00 |
| Жалпы: | 13,1 | 884 | 60996-00 |
Айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери (ФПС) такталды. Шалаты, Коен-Токой, Кара-Табылгыты ж.б жерлер кайра бөлүштүрүу фондунун 1107га жери жумушчу картага түшүрүлдү. Каргалык айыл өкмөтү боюнча 2022-жылдагы пайдаланылбаган жер аянты 977 га ны түзсө, анын ичинен Бир-Калпактан-30 га өздөштүрүлгөн. 2022-жылга 997 га жер аянты пайдаланылган эмес, алар: Чоң-Дөбө 652 га, Чарчадан-144га, Бир-Калпактан-110га, Каргалык, Ак-Жардан -100га жерлер бош жатат. Быйыл 2022-жылга карата 30га жер аңыздарын кыскарылды. Каргалык айыл аймагындагы жеке менчик дөңгөлөктүү тракторлордон 41 даана, каз тамандуу трактордон 3 даана, маладан 11даана, соко 15 даана, сеялкадан 3 даана, чоп чабуучу “ЕШКА”дан 4 даана, чоп таңгактоочу пресс подборщиктен 17 даана жана косилкадан 30 даана, чоп тырмоочунан 16 даананы тузот. Андан башка “Каргалык МТС” МИда 1221 маркасындагы Беларустан 2 даана, Беларусь -82.1 маркасында 3 даана трактор, 3 даана соко, 2 даана мала, прессподборщиктен 5 даана, 1 даана сеялка менен жер айдоого 194 га 232,8 миң сомго, малалоого 138 га 82,8 миң сомго, селька менен 140 га 84,0 миң сомго, чөптү таңгактоого 56200 даана таңгакталып, 1108,7 миң сомго жана эгинди оруп жыйноого 2 даана Нива комбайн менен 150 га эгин чабылып, элге кызмат көрсөтүлдү.
МТС муниципалдык ишканасы Алдакеге будай айдап, 24 тонна буудай алынып баасы 25 сомдон Каргалык айыл кеңештен бекитилип, 4-тонна буудай өтө жакыр жашаган 80 дей Казарман жана Чет-Булак айыл тургундарына бекер таркатылып, калганы элге 25 сомдон сатылып, Нарын филиалынын Айыл Банкына алынган насыя үчүн төгүлдү.
2022-жылдагы жазгы талаачылыкта айдап себүүгө “Казарман фонд” тарабынан алынып келинген дан-эгиндерден, айыл тургундары 14 тонна арпа, 7 тонна буудай жана 4,5 тонна эспорцет үрөөндөрүн сатып алып айдалып, Каргалык айыл аймагындагы тургундар күздүк буудай 23 га, жаздык буудай 72 га (МТС 20 га ) жер айдалып себилди, арпа 200 га. жүгөрү 50 га, картошка 20 га, жашылча 39 га жана май өсүмдүгүнөн 80 га, көп жылдык чөп 221га жалпы 660 га жер айдалды. (МТС 20 га ) жер айдалып себилди, эки комбайн оруп жыйноого катышты. Алынган түшүм боюнча буудай 183,4 тонна, арпа 380 тонна, жүгөрү 249 тонна, май өсүмдүгү (сафлер) 68 тонна, картошка 397 тонна, жашылча 562 тонна, мөмө жемиш 72 тонна түшүм алынды.
Мал чарбасы боюнча:
1-январь 2023-жылга карата мал каттоо боюнча Каргалык айыл аймагында ири мүйүздүү бодо мал 7587, анын ичинен тубары 4220, кой-эчки 15222, анын ичинен тубары 10598, жылкы жалпы 3752, бээ-2157 үй канаттуусу 8420. Бал челек 1315 даананы түздү.
| № |
Малдын түрлөрү |
1.01.2022- жыл |
1.01.2023- жыл |
Өсүү темпи
% |
Айырма +, – |
| 1 | Ири мүйүздүү мал | 7292 | 7587 | 104,0 | +295 |
| а.ичинен саан уй | 3989 | 4220 | 105,8 | +231 | |
| 2 | Кой-эчки | 15177 | 15222 | 100,2 | +125 |
| а.и тубары | 10017 | 10598 | 105,8 | +581 | |
| 3 | Жылкы | 3600 | 3752 | 104,2 | +152 |
| а.и.бээ | 2067 | 2157 | 104,3 | +90 | |
| 4 | Уй канатуулар | 8450 | 8520 | 100,8 | +70 |
| 5 | Бал челек | 1315 | 1315 | 100,0 | – |
Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү.
Бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча 2022-жылдын 12 айына :
Каргалык айыл өкмөтүнүн жергилүктүү бюджетинин киреше бөлүгүнө жалпы 2022-жылдын 12 айына белгиленген план 59079,7 миң сом болсо, аткарылганы 62877,4 миң сом же 106,4 % аткарылды, бюджетке 3797,7 миң сомго ашык түштү. Бюджетке чегерилүүчү салык төлөмдөрүнүн түрлөрү боюнча алып караганда төмөндөгүчө:
|
№ |
Кирешелердин аталышы |
2021-жыл |
2022-жылга аткарылышы | Өсүү
Темпи % 21-22ж |
Айырма +, – 21-22ж |
|||
|
план |
факт |
% |
+,- |
|||||
| Жалпы киреше | 53306,5 | 59079,7 | 62877,4 | 106,4 | 3797,7 | 118,0 | 9570,9 | |
| 1 | Салык киреше | 42346,6 | 46419,9 | 49317,2 | 816,2 | 2897,3 | 5730,9 | 6970,6 |
| 2 | Киреше салыгы | 34168,5 | 38447,0 | 39825,1 | 103,6 | 1378,1 | 116,6 | 5656,6 |
|
3 |
Бирдиктүү салык
декларациясы |
-15,4 |
|
-25,4 |
-25,4 |
-10,0 |
||
|
4 |
Чакан ишмердик субьектилердин бирдиктүү киреше салык
|
30,2 |
827,0 |
1535,3 |
185,6 |
708,3 |
5083,8 |
1505,1 |
| 5 | Милдеттүү патент
ин негиз-е салык |
113,1 |
3,8 |
0,6 |
15,8 |
-3,2 |
0.5 |
-112,5 |
| 6 | Ыктярдуу патент-
Ин негиз-е салык |
1268,9 |
260,0 |
149,3 |
57,4 |
-110,7 |
11,8 |
-1119,6 |
| 7 | Патенттин негизиндеги салык | 0,0 | 1039,0 | 1222,5 | 117,6 | 183,5 | 1222,5 | |
| Кыймылсыз мүлккө салык |
79,5 |
77,8 |
88,3 |
113,5 |
10,5 |
111,1 |
8,8 |
|
| 8 | Ишмердик иши ү-н
пайдаланылба к. м. |
1,1 | 1,1 | 1,1 | ||||
| 9 | 2-топтогу ишкердик
иши у/н пайдаланыл- |
79,3 | 77,8 | 87,1 | 112,0 | 9,3 | 109,8 | 7,8 |
| 10 | 3-топтогу ишкердик
|
0,2 | 0,1 | 0,1 | 50,0 | -0,1 | ||
| Транспорттук каражаттарга салык | 1305,4 | 1204,3 | 1354,6 | 112,5 | 150,3 | 103,8 | 49,2 | |
| 11 | Юридикалык транс-т
каражаттарга салык |
254,7 | 205,7 | 259,2 | 126,0 | 53,2 | 101,8 | 4,5 |
| 12 | Жеке транс-т каражат
тарына салык |
1050,7 | 998,6 | 1095,4 | 109,7 | 96,8 | 104,3 | 44,7 |
| Жер салыгы | 5306,0 | 4473,2 | 5056,6 | 113,0 | 583,4 | 95,3 | -249,4 | |
| 13 | Короо жанындагы жа дачалык жер салыгы |
169,6 |
160,4 |
166,3 |
103,7 |
5,9 |
98,1 |
-3,3 |
| 14 | А/чарба багытындагы
жер салык |
187,3 | 10,5 | 11,8 | 112,4 | 1,3 | 6,3 | -175,5 |
| 15 | А/чарбага багытына арналбаган ж/салык | 4949,1 | 4302,3 | 4878,5 | 113,4 | 576,2 | 98,6 | -70,6 |
| 16 | Аки таш,курулуш таштары | 1,0 | 1,0 | 1,0 | ||||
| 17 | Ичүүчү техникалык суулар | 59,2 | 87,8 | 72,5 | 82,6 | -15,3 | 122,4 | 13,3 |
| 18 | Жер астындагы суулар | 31,2 | 37,8 | 37,8 | 121,2 | 6,6 | ||
| Салык эмес киреше | 10959,9 | 12659,8 | 13025,5 | 102,9 | 365,7 | 118,8 | 2065,6 | |
| 19 | Жер казынсын пайда-уу укугуна салык | 3295,2 | 4728,0 | 4731,1 | 100,1 | 3,1 | 143,6 | 1435,9 |
| 20 | Менчик жерди пайдалануу | 53,2 | 42,5 | 43,4 | 102,1 | 0,9 | 81,6 | -9,8 |
| 21 | Жайыт ижара ү-н акы | 333,3 | 580,0 | 585,7 | 101,0 | 5,7 | 175,7 | 252,4 |
| 22 | Кайра бөлүш-ү фонд
ижара акы |
184,2 |
163,7 |
203,6 |
124,4 |
39,9 |
110,5 |
19,4 |
| 23 | Ар кандай төлөм | 0,1 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | – 0,1 | |
| 24 | Таштанды чыгаруудан | 56,6 | 45,0 | 67,0 | 148,9
|
22,0
|
118,4
|
10,4 |
| 25 | Спирт.иштетүү.сатуу
ү-н алынган лицен-я |
10,0 | 5,0 | 5,0 | 50,0 | -5,0 | ||
| Билим берүү ж-а маданий кызмат | 1646,7 | 1778,3 | 3161,7 | 177,8 | 1383,4 | 192,0 | 1515,0 | |
| 26 | Мектепке чейинки ж-а мектеп мекемелер-е | 1646,7 | 1778,3 | 3161,7 | 177,8 | 1383,4 | 192,0 | 1515,0 |
| 27 | Инфак-ны өнүк-ү ү-н
түшкөн фонд |
5303,8 | 5322,3 | 4228,0 | 79,4 | -1094,3 | 79,4 | -1075,8 |
| 28 | А/чарба багытына арналбаган жараксыз жерди сатуудан
|
76,8 | 534,7 | 534,7 | 534,7 | |||
– Киреше салыктан план 38447,0 миң сом, түшкөн киреше 39825,1 миң сом же 103,6 % га же 1378,1 миң сомго ашык (Эмгек акынын көбөйгөн себебинен) аткарылды.
– Бирдиктүү салык декларациясынын планы жок, бирок –25,5 миң сом кемиген. Себеби: мамлекеттик кызматкерлер 2021-жылга декларация тапшырган кезде киреше салыктан аласа болгондор, котортуп алышкан.
– Чакан ишмердик субьектилердин бирдиктүү киреше салык планы 827,0 миң сом болсо, аткарылды 1535,3 миң сом болуп 185,6 % аткарылды. Жеке ишкерлер милдеттүү патент төгүчүүлөрдөн түшкөн.
– Милдетүү патенттин негизиндеги салыктан план 3,8 миң сом болсо, аткарылганы 0,6 миң сомго же 15,8 % га.(милдеттүү патентке түшүүчү салыктар бирдиктүү киреше салыкка түшкөн).
– Ыктыярдуу патент салыктан план 260,0 миң сом болсо, аткарылганы 149,3 миң сом же 57,4 % га.( ыктыярдуу патентке түшүчүү салыктар патентин негизиндеги салыка түшө баштады).
– Патенттин негизиндеги салыктан план 1039,0 миң сом болсо, аткарылганы 1222,5 миң сом же 117,0 % га (ыктыярдуу патентке түшүүчү салыктар патентин негизиндеги салыкка түшкөн.
– Кыймылсыз мүлккѳ салыктан план 77,8 миң сом болсо, аткарылганы 88,3 миң сомго же 113,5% га,
– Кыймылдуу мүлк салыктан жалпы 1204,3 миң план болсо, түштү 1354,6 миң сом же 112,5 % га аткарылып 150,3 миң сом ашык түштү мунун ичинен :
– юридикалык жактан тѳлѳнүүчү транспорт салыгынын планы 205,7 миң сом болсо, аткарылганы 259,2 миң сом же 126,0 % га болуп 53,5 миң сом ашык түштү,
– жеке жактар төлөөчү транспорт салыгынан берилген планы 998,6 миң сом жеткирилсе 1095,6 миң сомго аткарылды же 109,7 % га ашык 96,8 миң сом түштү, себеби убактылуу шаарда жашагандар төгүшкөн.
– Короо жанындагы жер тилкесинен планы 160,4 миң сом болсо, аткарылды 166,3 миң сомго же 103,7 % ды түздү.
– Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануудан план 10,5 миң сом болсо, аткарылды 11,8 миң сомго себеби: КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ №587 сандуу Жарлыгына ылайык, дыйкандарды 3-жылга чейин салык төлөөдөн бошотулган.
– Айыл чарба багытына арналбаган жер салыктан план 4302,3 миң сом болсо, аткарылды 4878,5 миң сомго же 113,4 % болуп, 576,2 мин сомго ашык түштү.
– Ичүүчү техникалык сууларга план 87,8 миң сом болсо, аткарылды 72,5 мин сом же болбосо 82,6 % болуп –15,3 миң сомго бюджетке кем түштү.
– Жер астындагы суулардан 37,8 миң сом түштү.
– Жер казынасынын пайдалануу укугуна төлөмдүн планы 4728,0 миң сом болсо, аткарылды 4731,1 миң сомго же 100,1 % болуп 3,1 миң сом бюджетке ашык түштү.
– Менчик жерди пайдалануудан план 42,5 миң сом, аткарылганы 43,4 миң сом же 102,1% болуп 0,9 миң сомго бюджетке ашык түштү.
– Жайыт пайдалануучулардан мал башына алынуучу төлөмдүн планы 580,0 миң сом
болсо, аткарылганы 585,7 миң сомго же 101,0 % же 5,7 миң сомго ашык түштү.
– Кайра бѳлүштүрүү фонд ижара акыдан план 163,7 миң сом болсо, аткарылганы 203,6 миң сом же 124,4 % болуп 39,9 миң сомго ашык түштү.
– Таштанды чыгаруудан план 45,0 миң сом болсо, аткарылганы 67,0 миң сом же 148,9 % болуп 22,0 миң сомго ашык түштү.
– Спирт иштетүү ж/а сатуу үчүн алынган лицен-ядан 5,0 миң сом түштү.
– Мектепке чейинки мекемелер атайын каражаттар боюнча ата-энелер төлөмүнүн жалпы планы 1778,3 миң сом болсо, аткарылды 3161,7 миң сомго же 177,8 % болуп 1383,4 миң сомго ашык түшкөн, себеби тамак-аш продуктуулар кымбаттагандыгына байланыштуу ата-энелер төлөмү көбөйгөн.
– Инфраструктураны өнүктүрүү үчүн чегерилүүчү төлөмдүн планы 5322,3 миң сом болсо, аткарылды 4228,0 миң сомго же 79,4 % болуп 1094,3 миң сомго кем түштү.
– Айыл чарбасына жараксыз жерди сатуудан 534,7 миң сом түштү.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча. Тиркеме №2
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 12 ай боюнча чыгаша бөлүгүнүн жалпы бекитилген план 56951,0 миң сом өлчөмүндө белгиленип, такталган план 91842,4 миң сом, кассалык чыгымы 58647,9 миң сомду түзүп, 63,9 % га аткарылган 33194,4 миң сомго кем аткарылган.
Мунун ичинен корголгон беренелер план 35408,4 миң сом, кассалык чыгым 31499,5 миң сомду түзүп 89,0 % га аткарылган 3908,9 миң сом үнөмдөлгөн. Ал эми курулуш беренелерге план 56434,0 миң сом, ал эми кассалык чыгым 27148,4 миң сомду түзүп 48,1% га аткарылды 29285,6 миң сомдук бүтө элек курулуштардын эсебинен кем аткарылган.
Тармактар боюнча алып караганда төмөндөгүчө;
- Башкаруу тармагына жалпы такталган планы 77796,6 миң сомду түзүп, кассалык чыгым 46772,8 миң сомду түзүп 60,1 % га аткарылган, айырмасы 31023,8 миң сомго.
- Клуб тармагына жалпы такталган планы 823,1 миң сомду түзүп, кассалык чыгым 795,6 миң сомду түзүп 96,7 % га аткарылды ,айырмасы 27,5 миң сомго.
- Китепкана тармагына жалпы такталган планы 823,5 миң сомду түзүп, кассалык чыгым 818,9 миң сомду түзүп 99,4 % га аткарылды, айырмасы 4,6 миң сомго.
- Мектеп тармагына жалпы такталган план 2289,7 миң сомго белгиленсе, кассалык чыгым 1903,2 миң сомду түзүп 83,1 % га аткарылган, айырмасы 386,5 миң сомго сомго (98,0 миң сом 2022-жылдын декабрында каралган, көмүр М.Абдыжапаров мектебинен 133,9 миң сомго үнөмдөлдү, М.Жаңыбаева мектебинин коммуналдык чыгым сууга төлөмүнөн 101,8 миң сом) калган.
- Бала-Бакча тармагына жалпы такталган план 9529,5 миң сом болуп, кассалык чыгым 7777,4 миң сомду түзүп 81,6 % аткарылган, айырмасы 1752,1 миң сомго ( тамак-ашка 1200,0 миң сом 2022-жылдын декабрь айында каралган, Айдай бала-бакчанын ПСД сынан 178,0 миң сомго, Ак-Бермет бала-бакчасынын ойноочу аянтчасынан 45,4 миң сомго үнөмдөлгөн.
- Жайыт тармагы боюнча жалпы такталган план 580,0 миң сом болуп, кассалык чыгым 580,0 миң сомду түзүп, 100,0 % га аткарылган.
Ал эми 1-январь 2023 -жылга карата Каргалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин калдыгы- 35367311 сом 58 тыйын, ошондой эле атайын каражаттын калдыгы –1424937 сом 79 тыйын болуп, жалпы: 36792249 сом 37 тыйын акча каражаты калды.
Республикалык бюджеттен өз ара эсептешуулордон жалпы: 6615,2 миң сом келип түшкөн, мунун ичинен башкаруу тармагына эмгек акыга (аппарат) – 3175,4 миң сом жана соц.төлөмгө- 430,6 миң сом түшүп толугу менен аткарылды, (экономист-статист) –336,2 миң сом жана соц.төлөмгө –52,1 миң сом түшүп толугу менен аткарылды , байланыш чыгым 1,6 миң сом, канц.товарга 2,4 миң сом, Китепкана – тармагынын эмгек акысына 246,6 миң сом соц төлөмгө-42,5 миң сом, Клуб тармагына эмгек акысына-306,0 миң сом жана соц төлөмгө 52,8 миң сом түшүп толугу менен аткарылган. Социалдык жеңилдиктер электр энергияга – 1969,0 миң сом түшүп толугу менен каржыланды.
Эмгек акы с/фонд байланыш канц.тов с/льгота баары
4064,2 578,0 1,6 2,4 1969,0 6615,2
| 12-ай 2022-ж | (миң.сом м/н) | ||||||||
| № | Аталышы | Элемент | Факт | План | Факт | % | (откла) | темп.рост | Отк.факт |
| Жергиликтүү бюджет | 2021 | 2022 | 2022 | 2022 | 2022 | 2022 | 22-21 | ||
| 1 | Эмгек акы | 2111 | 7512,2 | 11609,2 | 11045,3 | 95,1 | -563,9 | 147,0 | +3533,1 |
| 2 | Соц.төлөмдөр | 2121 | 1116,3 | 1715,7 | 1606,8 | 93,7 | -108,9 | 143,9 | +490,5 |
| 3 | Сапар чыгым | 2211 | 345,0 | 350,0 | 261,1 | 74,6 | -88,9 | 75,7 | -83,9 |
| 4 | Байланыш чыгым | 2212 | 166,6 | 272,6 | 158,3 | 58,1 | -114,3 | 95,0 | -8,3 |
| 5 | Транспорт чыгым | 2214 | 273,9 | 434,6 | 433,2 | 99,7 | -1,4 | 158,2 | +159,3 |
| 6 | Ар кандай чыгым | 2215 | 2028,4 | 5032,7 | 4188,3 | 83,2 | -844,4 | 206,5 | +2159,9 |
| 7 | Мед.дары-дармек | 2217 | 22,5 | 37,0 | 37,0 | 100,0 | 0,0 | 164,4 | +14,5 |
| 8 | Тамак аш | 2218 | 3230,6 | 5231,7 | 3858,4 | 73,7 | -1373,3 | 119,4 | +627,8 |
| 9 | Учурдагы ремонт | 2221 | 758,6 | 1752,0 | 1598,5 | 91,2 | -153,2 | 210,7 | +839,9 |
| 10 | Чарбалык максат чыгым | 2222 | 1740,7 | 2195,4 | 2073,9 | 94,5 | -121,5 | 119,1 | +333,2 |
| 11 | Көмүр,отун алуу | 2224 | 755,5 | 790,5 | 640,2 | 81,0 | -150,3 | 84,7 | -115,3 |
| 12 | Сууга | 2231 | 253,0 | 506,6 | 385,6 | 76,1 | -121,0 | 152,4 | +132,6 |
| 13 | Электр энергия | 2231 | 4758,3 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | -4758,3 |
| 14 | Субсидии | 2511 | 1182,9 | 2147,0 | 2147,0 | 100,0 | 0 | 181,5 | +964,1 |
| 15 | Соц.төлөмдөр | 2721 | 356,8 | 691,0 | 646,0 | 93,5 | -45,0 | 181,0 | +289,2 |
| 16 | Соц.жеңилдиктер э/энергия | 2721 | 2018,1 | 1969,0 | 1969,0 | 100,0 | 0,0 | 97,6 | -49,1 |
| 17 | Сот аткаруу | 2823 | 0,1 | 109,7 | 89,9 | 82,0 | -19,8 | 89900,0 | +89,8 |
| 18 | Союз МСУ | 2611 | 12,0 | 12,0 | 12,0 | 100,0 | 0 | 0,0 | 0,0 |
| 19 | Резервный фонд | 2824 | 407,3 | 551,7 | 348,9 | 63,2 | -202,8 | 85,7 | -58,4 |
| 20 | Имараттар | 3111 | 9940,6 | 47193,4 | 18773,0 | 39,8 | -28420,4 | 188,9 | +8832,4 |
| 21 | Машина жабдуулар | 3112 | 4646,9 | 9090,6 | 8226,3 | 90,5 | -864,3 | 177,0 | 3579,4 |
| 22 | Жашылдандыруу | 3113 | 95,4 | 150,0 | 149,1 | 99,4 | -0,9 | 156,30 | +53,7 |
| Жалпы: | 41621,7 | 91842,4 | 58647,9 | 63,9 | -33194,5 | 140,9 | +17026,2 | ||
Каргалык айыл өкмөтүнүн өндүрүш, курулуш, жана башка
инвестициялар боюнча жалпы 205545,5 миң сом мунун ичинен:
Жергиликтүү бюджеттен:
- Таза кызмат МИсына 154,0 миң сомго эмеректер алынып берилди.
- 2. Медиация жарандардын укугун коргоо борборуна 40,0 миң сомго эмерек алынып берилди.
- 3. Келечек б/бакчасына 45,0 миң сомго 10 жылыткыч алынып берилди.
- 4. Аппаратка 88,9 миң сомго 2 компьютер алынып берилди.
- 5. Чет-Булак таза суусуна 110,5 мин сомго тетик жана суу счетчиктери алынып берилди.
- 6. Абдраимов мектебине 44,0 миң сомго 10 даана жылыткычтар алынып берилди
- 7. Бакыт үйүн оңдоп түздөө иштерине 119,8 миң сом
- 8. Ороков, Бектен көчөлөрүнө тротуар жасоого ПСД- 148,4 миң сом.
- 9. Паркты реконструкциялоого 2810,2 миң сом которулуп берилип курулуш иштери башталды.
- 10. Таза кызмат ишканасына навес курууга 509,1 миң сом которулуп берилди.
- 11. Казарман айылынын жырма каналынын тазалоого 139,9 миң сом каржыланып, жумуштар бүткөрүлдү.
- 12. Чарабай каналынын суу тосмолорун орнотууга 82,1 миң сом которулуп берилди.
- 13. Чет-Булак айылынын китепканасына 30,0 миң сомго китептер алынып берилди.
- 14. Абдраимов мектебине 73,0 мин сомго инвентарь интерактивный доска алынып берилди
- 15. Каргалык айыл аймагынын көчөлөрүнө (рай.ооруканадан 20-үйгө чейин, А.Жооров көчөсүнө жана Чет-Булак айылына) жарыктандыруу жалпы 2216,5 миң сомго (т/бетон (9,5м)-78даана, кронштейн- 78 даана, изолятор- 150 даана, алюминий зым- 3300м, прожектор 100вт- 78 даана, фото реле- 6 даана, труба д50мм- 114 пог.м, эл.счетчик 1 фазалык- 6 даана) орнотулуп жарыктандырылып бүттү.
- 16. Нур-Жайык к.ш. Саз, Демилге участкаларына балдар ойноочу жай куруу жалпы сметалык баасы – 995,0 миң сомго каралып, 995,0 миң сом акча каражаты каржыланып, 100 пайыз жумуш аткарылды.
- 17. Малды идентификациялап, дарылоо үчүн кашар жалпы сметалык баасы – 892,3 миң сомго каралып, 2 даана кашар (раскол) Макмал жайлоосуна жана Чон-Дөбө ортоңку жайытка 100 пайызга жумуш аткарылып, курулуш иштери бүттү.
- 18. Тоо үстүндөгү көрүстөндөрдү тосууга 1,5км жалпы сметалык баасы – 699,9 миң сомго түзүлүп, 100 пайызга куруу иштери аткарылып бүттү.
- Ички ирригация арыктарды оңдоо жана латок коюу жалпы жалпы сметалык баасы – 998,1 миң сомго түзүлүп, 998,1 миң сом каржыланып, 100 пайызга куруу иштери аткарылып бүттү.
- Жайыттарга мал суу ичүү үчүн ноолор 74,0 миң сомго өздүк салым менен башталып, 5 жерге курулду. Калганы тышкы инвестициядан БУУДАТП “долбоорунун катышуучуларын, азык-түлүк менен камсыз кылуу” алкагында иштеген адамдарга 615,6 мин сомдук ун, май таратылып, курулуш иштери бүткөрүлдү.
- Акбермет бала бакчасына балдар ойноочу жай жалпы сметалык баасы – 309,8 миң сомго түзүлүп, 100 пайызга куруу иштери аткарылып бүттү.
- 22. Чет-Булак айылына кичи футбол аянтчасын куруу жалпы сметалык баасы – 1232,9 миң сомго түзүлүп, 100 пайызга куруу иштери аткарылып, бүттү.
- 23. Казарман айылынын Бектен көчөсүнүн этегинде кичи футбол аянтчасын ремонттоо жалпы сметалык баасы – 1395,6 миң сомго түзүлүп, 100 пайызга аткарылып бүттү.
- 24. Ж.Акимбаев-300м, Д.Мамбетжанов-230м. көчөлөрүн муздак асфальт (битум) менен бодурлоо жалпы сметалык баасы – 4100,1 миң сомго түзүлүп, 2052,5 мин сом өздүк салым каржыланып, 100 пайызга куруу иштери аткарылып бүттү.
- Алымбабаев көчөсүн-500м. муздак асфальт (битум) менен бодурлоо жалпы сметалык баасы – 2869,8 мин сомго түзүлүп, 100 пайызга куруу иштери бүттү
- Чет-Булак айылына Көл-Кайындан (1600м жерге) 463,3 миң сомго шланг алынып, суу тартылды.
- Казарман айылынын көчөлөрүнө жол коопсуздугун сактоо максатында 6 жерге 23,4 миң сомдук жол белгилери орнотулду.
- Келечек балдар бакчасынын айланасын 261,1 миң сом менен тосулуп бүттү.
- 29. Т.Жээналиев, Тоголок Молдо көчөсүнө видео камералар 130,0миң сомго 2 даана орнотулууда.
- А.Абдраимов мекебине 97,9 мин сомго 20 даана видео камералар орнотулду.
- 31. Шалаты каналын куруу үчүн ПСД 590,0 миң сомго жасалып, экспертизага жөнөтүлдү
- 32. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдына гүл салгыч 5 даана – 69,2 миң сомго орнотулду.
- 33. Хундай эксковатору оздүк салым 6140,0 миң сомго, калган 6140,0 миң сому өнүктүрүү фонддон.
- 34. Бала бакчаларды оңдоп-түздөө иштерине – 344,6 миң сом жумшалып, ондоо иштери аяктады.
- 35. Перизат бала бакчасынын айланасын тосууга (230м) – 741,8 миң сом жумшалып толугу менен бүттү.
- 36. Перизат бала бакчасына 255,0 миң сомго кургак жана суюк таштанды чыгаруучу жай куруу
- 37. Жалпы билим берүүчү мектептердин оңдоп-түздөө иштерине – 886,9 миң сомго жумшалып, оңдоо иштери бүттү.
- 38. Чет-Булак айылынын спорт залын оңдоп түздөөгө 43,3 миң сом каралып, оңдоо иштери жүргүзүлүүдөө.
- 39. Күн Чубак бала бакчасына 784,6 миң сомго эмеректер алынып берилди.
- 40. Таза кызмат муниципалдык ишканасына спринтер авто унаасы алынып келип, жергиликтүү бюджеттен 200,0 миң сомго каржыланып, калган суммасы Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фонддон каржыланды
- 41. Жаныбаева көчөсүн оңдоп-түздөө иштерине – 455,7 миң сом жумшалып, ондоо иштери аяктады. Жол курулуштарын көзөмөлдөөчүлөргө –40,0 мин сом которулду
- 42. Каргалык айыл өкмөтүнүн жыйындар залына – 712,0 миң сомго эмеректер алынды.
- 43. Казарман айылынын Спорт комплексинин ПСДсы – 98,0 миң сомго бүттү.
- 44. Айдай бала бакчасынын кир жуучу жайынын ПСДсы 72,0 мин сомго түзүлдү.
- 45. Тоголок Молдо көчөсүнө 81,0 мин сомго 4 скамейка орнотулду
46.Ж.Кыдыров атындагы паркты реконструкциялоого (көрүүчү орундардын жана дааратканалардын) ПСД- 298,9 мин сомго жасалып бүттү
- 47. Казарман айылынын ички көчөлөрүн шагылдоого- 705,9 мин сом жумшалды
- Чет-Булак айылынын ички көчөлөрүн шагылдоого – 485,8 мин сом жумшалып курулуш иштери толугу менен аяктады.
- 49. МТС МИсына 700,0 миң сом субсидия берилди
- 50. Таза кызмат МИсына 1447,0 миң сом субсидия берилди
Жалпы жергиликтүү бюджеттен: 34258,7 миң сомду түздү.
Ички инвестиция :
- 1. Тогуз Торо райондук өнүктүрүү фондунан 6140,0 мин сому каржыланып, Хундай экскватор техника келип кызмат көрсөтүүдө.
- 2. Тогуз Торо райондук өнүктүрүү фондунан 700,0 мин сомго Спринтер, 1100,0 миң сомго Асенизатор, 1000,0 миң сомго Жолдорго суу себүүчү авто унаалар алынып келди.
- Райондук оорууканага УЗИ аппараты 3099,0 миң сом алынып берилди.
- Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын административдик имараттын оңдоодон өткөрүүгө 2338,4 миң сом каржыланган.
Тогуз-Торо өнүктүрүү фонду жалпы: 14377,4 миң сом.
- 1. Казарман коомдук фондунан 2 тигүүчү цех 2400,0 миң сом каржыланып, жумуш орун менен жумушсуз келиндер жумуш менен камсыз болушту.
- 2. Казарман коомдук фондунан 1 дизелдик авто унаалардын апаратурасын оңдоочу цех –1495,0 миң сомго каржыланып элге кызмат кылууда.
- 3. Бал тазалап, куюп, таңгактоочу цех- 1000,0 миң сомго каржыланды
- 4. Казарман коомдук фондунан Макмал орто мектебине –648,0 миң сомго эмерек алынды.
- Шырдакбекова үй алууга 100,0 миң сом жардам берилди.
- А.Өмүровага тигүү цех иштетүүгө 50,0 миң сом.
- А.Акматбековага тигүү цех иштетүүгө 100,0 миң сом.
- Темиркуловага тигүү цех иштетүүгө 100,0 миң сом.
- П.Турдумамытовага тигүү цех иштетүүгө 150,0 миң сом.
- А.Алиевге айыл чарба техникасын (трактор) оңдоого тетик алууга 103,0 миң сом.
- Г.Шайнаевага энелер мектебине семинар өтүүгө 10,0 миң сом.
- Бакыт уулу Өмүргө биогумус өндүрүүгө 100,0 миң сом.
- Токтоболот уулу Султан асыл тукум мал чарба өнүктүрүүгө 480,0 миң сом.
- 15. Нур-Жайык кичи районго өрт өчүрүүчү гидранттарды орнотууга 295,0 миң сом.
- Жээналиев көчөсүнүн темир торлору жетпеген жерлерин тосуу үчүн 37,0 миң сом.
- К.Сыдыковага даарыланууга (Мойдунов орто мектебинин техничкасы) 20,0 миң сомго жардам берилди.
- Аэропорт водозаборнун электр энергиясына 66,0 миң сом которулуп берилди.
Казарман коомдук фонд жалпы: 7154,0 миң сом
Жалпы ички инвестиция- 21531,4 миң сом.
Республикалык бюджеттен
- 1. Аз камсыз болгон үй бүлөлөргө 1717,0 миң сомго ун таратылды (1010 түтүнгө)
- 2. Мамлекеттик коопсуздук мекемесине жаңы имарат 10200,0 миң сомго курулуп ишке берилди.
- М.Абдыжапаров мектебинин курулушуна 14000,0 миң сом каржыланды.
- Республикалык бюджеттен Тазасуу чыгарууга 5000,0 миң сом бөлүнүп берилди.
Жалпы республикалык – 30917,0 миң сомду түздү.
Тышкы инвестиция :
- Коомдук угууларды өз убагында ачык айкындуулук менен жарандардын катышуусу боюнча өткөн конкурстан байгелүү 2-орунду жеңип, Швецариянын өнүктүрүү саясаты институту тарабынан 249,5 миң сомго компьютер жабдууларын жана конторго керектүү эмеректерди жана башка инвентарлар сыйлыкка келди.
- Аз камсыз болгон 100 үй бүлөлөргө жылуулук менен камсыздоо үчүн Араб мамлекетинен жардамга 175,0 миң сомго 50 тонна көмүр материалдык жардам берилди.
- Өнүктүрүү агентвосу жана КР каржылоо программасынан Таза кызмат ишканасын жандандыруу жана колдоо үчүн- 219,3 миң сомго жабдуулар берилди.
- 4. Өнүктүрүү саясаты институтунан “Ынтымактуу жашоо” долбоору боюнча гүл салгыч (8 даана) 144,0 миң сом.
- 5. БУУДАТП “долбоорунун катышуучуларын азык-түлүк менен камсыз кылуу” алкагында проект боюнча, мал суу ичүүчү ноолорду курууда жана Көл-Кайыңдан шланг менен сугат суу тартууда иштеген адамдарга –615,6 миң сомдук ун, май таратылды.
- 6. Туризмди жайылтуу максатында долбоордун алкагында демөөрчүлөрдөн 270,0 миң сомго мейманканага кровать жана идиш аяктар келди, жеке ишкерлер тарабынан.
- 7. Кыдыршаева А. 135,0 миң сомго долбоордун алкагында, жүн тытуучу цех ачылды.
- Арис долбоору менен Т.Мойдунов атындагы орто мектебинин капиталдык ремонту башталып, 8400,0 миң сомдук (10 пайызга аткарылуу менен) мектептин чатырлары алмашылып жабылып бүттү.
- АБЗ куруу – 108630,0 миң сом жеке ишкер Чамашов Э. ОсОО “Сармат” тарабынан курулуш иштери бүтүп пайдаланууга берилди.
Жалпы тышкы инвестиция – 118838,4 мин сом.
Жогорку Ак-Куп каналы боюнча маалымат:
“Жогорку Ак-Куп” каналынын башкы каналынын жалпы узундугу 20,9 км ал эми ички каналдарынын жалпы узундугу 66,06 км түзүп, 2456 га жер аянты сугат суу менен камсыз кылат.
Проектинин болжолдуу жалпы наркы 800-850 млн сомду түзөт.
Каргалык айыл өкмөтү тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдардан:
Кыргыз Респуликасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигине караштуу геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинен, Археологдон, “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институ мамлекеттик ишканасынан тиешелүү кортундулар алынып, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Тогуз-Торо райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан Архитектуралык-техникалык кортундулар (АТШ) даярдалып берилди.
Азыркы учурда даярдалган документтер Кыргыз Республикасынын айыл чарба министирлигине караштуу Суу ресурстары кызматы мамлекеттик мекемесинин Суу чарбасынын обьектилерин куруу боюнча дирекциясына тапшырылды.
Социалдык тармак боюнча:
Каргалык айыл аймагында 2022-жылдын 12-ай ичинде төмөндөгүдөй иштер жүргүзүлдү.
Каргалык айыл ѳкмөтүндө түзүлгон үй -бүлөнүн социалдык паспорту боюнча маалымат:
| № | Корсоткучтор | 01.01.2022 | 01.01.2023 | Өсүү темпи % | Айырмасы |
| 1 | Кожолуктун саны | 2305 | 2265 | 98,2 | -40 |
| 2 | Калкынын саны | 12888 | 12082 | 93,7 | -806 |
| 3 | Жакырлар | 1029 | 996 | 96,7 | -33 |
| 4 | Өтө жакыр үй-бүлө | 418 | 397 | 94,9 | -21 |
Каргалык айыл аймагы 3 элдүү пункттан турат. Казарман, Чет-Булак, Макмал.
Каргалык айыл ѳкмөтү боюнча үй- бүлөнүн социалдык паспорту толтурулган.
Каргалык айыл ѳкмѳтүндѳ коомдук уюмдар, коомдук алдын алуу борборлору жана Аксакалдар Кеңеши, Аксакалдар Соту, Аялдар Кеңеши жана Жаштар комитеттери иш алып барат. Советтик Армиянын Ооган ислам республикасынан чыгарылышынын 33 жылдын мааракесин өткөрүүгө карата Афган согушунун катышуучуларынын майрамдатууда 7 афган согушуна катышкан жана 1 жесирине акчалай жардам берилди. Ошону менен бирге Баткен коогалаңынын 3 катышуучусуна 1,5 миң сомдон акчалай берилди. Жалпы 14,0 миң сом каржыланды, мындан сырткары төш белгилери үчүн 50,0 миң сом акчалай колдоо көрсөтүлдү.
Кыргыз Республиасынын Өкмотунун 12.02.2009-жылдагы №55-б буйругунун негизинде Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы 20-февралы “Социалдык адилеттүүлуктун бүткүл дүйнөлүк күнү” деп жарыялангандыгына байланыштуу жана калктын социалдык аярлуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү үчүн, райондук мамлекеттик администрациясынын 16.03.2022-жылдагы № 01-16/76-б буйругунун негизинде 20-февралынан 20-мартына чейин социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгы жарыяланып, иш чара кабыл алынып, иштер жүргүзүлдү .20-фералдан-20-мартка чейин «Социалдык адилеттүүлүктүн дүйнөлүк күнү» деп Айыл аймагында 20-февралдан 18- мартка чейин 21 адам “ачык эшик” күнүн өткөрүүдө айыл өкмөттүн башчысына өздөрүнүн суроо талаптарын беришип, тиешелүү жоопторун алышты.
Мындан сырткары бир айдын жүрүшүндө 5 адам арыздарынын негизинде жергиликтүү бюджеттен 8 адамга 21,0 миң сом акчалай жана 3 ДМЧ үй булөгө социалдык колдоого муктаж болгон аз камсыз болгон үй бүлөлөргө материалдык жардам акчалай жана жеке ишкерлерден 51,8 миң сомдук кийим кече жана 15 адамга азык-түлук жардам көрсөтүлдү, жалгыз бой 2 адам Алик кызы Марина үй бүлөсү 9 жан, Бекмамет к Санирабига 6 жан, кийим кече 21,6 миң сом берилди, бул да болсо кабыл алынган иш чаранын негизинде берилди. Жалпы 38 адам 72,8 миң сомдук акчалай, кийим кече, азык түлүк товарларынан жардам көрсөтүлдү.
8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата 7-мартта айыл өкмөтү айылдын коомдук иштерине активдүү катышкан, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошкон алдынкы айымдарга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү максатында айыл аймагындагы 100 аял райондук салтанатка жиберилди, мындан сырткары 15 үйдө баса албаган аялдарга баалуу белектер, мындан сырткары айыл аймагындагы коомдук иштерге активдүү катышкан, айыл өкмөттүн ар кандай иш чараларында намысын коргогон 13 айымга айыл өкмөттүн Ардак Грамоталарды тапшыруу менен, «Асылзатым, аруузатым-Аялзат!»-аттуу концерттик программанын негизинде чон программадагы концерт тартууланып, иш чара жогорку деңгээлде өттү 40,0 миң сом бөлүнүп каржыланды.
«Нооруз-2022» элдик майрамын уюшкандыкта өткөрүүгө карата айыл өкмөттүн аймагындагы эл менен бирдикте улуттук каада- салтка ылайык, унутта калган тамак-аштын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү уюштурулду. Казарман айыл ичиндеги Кожалиев, Жээналиев көчөлөрүнө Нооруз майрамын даңазалаган Нооруз майрамы жөнүндө чакырыктар илинип, уюштуруу иштерине 20,0 миң сом акча каражаты сарпталды.
9-май Жеңиш күнүн майрамдоого карата айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан райондук парк тазаланып Каргалык айыл өкмөтүнүн жумушчулары тарабынан парктын ичи Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеништин 77 жылдыгына карата эстелик оңдөлүп, жазуулары жаныртылып жазылып, парктын ичине бак-дарактын көчөттөрү отургузулуп, ички арыктары тазаланып жана бак дарактар акталды.
Каргалык айыл аймагынын уулу ата мекендик согуштун катышуучуларынын жесирлерине, колдоо көрсөтүү максатында Өмүрөва Бүбүсайрага 2,0 миң сом, Абдыманапова Супанга 2,0 миң сом, Исабекова Майрамбүгө 2,0 миң сом өлчөмүндө акча берилди.жалпы 8,0 миң сом акча каражаты жумшалды.
Каргалык айыл аймагында “Энелер күнүн” өткөрүүдө “Кыргыз Республикасынын Президентинин 23.04.2012-жылдагы “Кыргыз Республикасынын энелер күнүн белгилөө жөнүндө” ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык май айынын үчүнчү жекшембисинде жыл сайын майрамдала турган “Энелер күнүн” айыл аймагында жогорку деңгээлде белгилөө максатында райондук мамлекеттик администрациянын 10.05.2021-жылдагы № 102-б буйругунун негизинде айыл аймактын “Энени сыйлоо -парызын, ак сүтүн актоо- карызың” аттуу салтанаттуу майрамга, энелерге арналган ырлар окулуп, майрамдык жасалгалоо менен майрамдык концерттик программа тартууланды. Бул майрамга 120 эне статусу бар ар кыл кесиптин ээлери жана Баатыр энелер, эмгектин алдыңкылары, мамлекеттин өнүгүшүнө салымын кошкон энелер чакырылды. Ошондой эле Энелер күнүнө карата Баатыр Энелер арысында райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан уюшулган эстафетага 5 баатыр эне катышты жана айыл өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлүп акчалай белек берилди жана жеке ишкер Арзиева Эркингүл демөөрчү болуп 10,0 миң сом акчалай материалдык колдоо көрсөттү. Мындан сырткары коомдук иштерге активдүүлүгүн көрсөтүп келген 6 энеге номинациялар тапшырылды. Жалпы: 44,9 миң сом жергиликтүү бюджеттен берилди, ар кыл кесиптин ээлери жана Баатыр энелер, эмгектин алдыңкылары, мамлекеттин өнүгүшүнө салымын кошкон энелер чакырылып, соц тармактарга алдыңкы энелер, баатыр энелер жөнүндө слайд түрүндө жайгаштырылды, мындан сырткары 90 жаштан ашкан 5 энеге да белек тапшырылды.
Ошондой эле Баатыр энелер арасында Тогуз-Торо райондук Эмгек, социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан эстефета өткөрүлүп, 5 баатыр эне катышып, айыл өкмөт тарабынан 1,5 миң сом, демөөрчү Арзиева Эркингүл 10,0 миң сом акчалай белек берилди. Энелер күнүндө жергиликтүү бюджеттен 40,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, баалуу белектер тапшырылды.
1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата, балдарга арналган «Балдар биздин келечегибиз», Ар дайым күн болсун! «Баланын бир тамчы жашы, Бүт дүйнө ураганга барабар »! аттуу чакырыктар жазылуу менен “Балдар дүйнөсү” аттуу балдар арасында фестивалдар өткөрүлдү.
1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата 1.06.2022-жылы Ж.Кыдыров атындагы паркта балдарга майрамдык маанай тартуулоо максатында майрамдык салтанат өткөрүлүп, баланын талантын ар тараптан ачууга жана анын кыялдарын ишке ашырууга жардам берүү ата-энелердин, коомчулуктун, мамлекеттин ыйык милдети катары түшүндүрүлүп, айыл өкмөтүнө караштуу мектептке чейинки уюмдарда балдарга карата концерттик программа оюн зоок уюштурулуп жогорку деңгээлде өттү.
Каргалык айыл өкмөтү тарабынан 503 балага таттуу шоколад берилди жана балдар күнүн өткөрүүгө демөөрчүлөр Райондун имамы Болотбеков Тынчтыкбек 3,0 миң сом, А.Тасымбеков 1,5 миң сомдук балмуздак, колдоо көрсөтүшүп, 273 бала балмуздак бекер таркатылды 18,9 миң сом каржыланды.
КРнын Президентинин “Балдарды коргоо жана колдоо” жөнүндөгү Жарлыгын жана КРнын “Балдар Кодекси” боюнча үй бүлөлөрдүн жана балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоого бөгөт коюуну ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат.
Март-апрель айларында айыл аймагындагы жайгашкан жалпы билим берүүчү орто мектептеги окуучулар арасында жаңжалдарды, өзгөчө тобокел тобундагы, мектеп ичиндеги каттоодо турган, ырксыз үй-бүлөнүн балдарын тарбиялоо, аны алдын алуу максатында “ Сенин келечегиң ”, “Сенин тамеки чеккениң ден-соолугуңдан кечкениң”, “Биз зордук зомбулукка каршыбыз”, “Кылмыштан алыс бол”, “Спидге каршыбыз”, “Суицидке баруу-бул күнөөбү” ж.б темаларда соц педогогдор менен бирдикте иш чаралар өткөрүлдү. Балдардын ден соолугун алдын алуу максатында саламаттык сактоонун адистери менен бирдикте “Биринчи байлык ден-соолук” деген темаларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жана турмушу оор кырдаалда турган балдар мед.кароодон өткөрүлдү жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мектеп жашындагы балдардын көйгөйүн чечүүдө соц.педагогдор менен биргеликте , кылмыштуулуктун алдын алуу максатында “үй-бүлөгө, балдарга социалдык жардам берүү –социалдык тейлөөнүн негизи” деген темада семинар өткөрүлүп, соцпедогогдордун милдеттери, мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүсү боюнча лекциялар өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.06.2005-ж “Укук бузуулардын алдын алуу” жөнүндө мыйзамдын талаптарынын аткарылышы, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча: “жаш өспүрүмдөр арасында өзүн-өзү өлтүрүү жана кокустук” болуп катталган фактылар боюнча жүргүзүлгөн тандоонун негизинде профилактикалык иретинде кылмыш жасоого түрткү болгон себептери жана шарттарды аныктоо жана жоюу жөнүндөгү райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорун аткарууда Каргалык айыл аймагындагы “Жаш өспүрүмдөр арасында өзүн өзү өлтүрүү жана сууга чөгүп каза болгон” жана “ Жашы жетпегендерге карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар, фактылар жана эрте никеге туруу, ала качуу” боюнча атайын иш мерчеми түзүлгөн,ушунун негизинде республикада, облустардагы айыл жерлеринде кездешип жаткандыгы боюнча жогорку органдар, административдик мекемелерден атайын токтомдор кабыл алынгандыгын түшүндүрүү менен райондук билим берүү, райондук ички иштер бөлүмү жана райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, ата-энелер жана коомчулук менен бирге чогуу март-апрель жана сентябрь айларында профилактикалык иштерди жүргүзүү менен Каргалык айыл аймагындагы жалпы орто билим берүүчү мектептердеги окуучуларга ата энелери менен биргеликте өткөрүлгөн тегерек стол, чогулуштарда түшүндүрүлүүдө, бирок бул токтом дайыма көзөмөлдө турат.
Алып айтсак, Казарман айылынын Алымбабаев көчөсүнүн тургуну Түркменов Карыбек карамагында 3 баласы бар, үй бүлөсүнөн эч ким иштебейт, аялы балдарын таштап дайынсыз кетип калган, балдарын өзү жалгыз багып келүүдө, Каргалык айыл өкмөтүндө өтө жакыр үй бүлөнүн учетунда турат, үй бүлөлүк шартын эске алуу менен кызын Туркменова Алия 2016-жылы туулган “Айдай”бала бакчага орноштурулду.
Ошондой эле мектепке чейинки уюмдарда тарбияланып жаткан 1 томолой жетим жана социалдык колдоого өтө муктаж 3 бала взностон жеңилдик берилүүдө.Мындан сырткары мектептеги ысык тамактан 2 окуучуга жеңилдик берилген. Дарыланууда жаткан ордулары үчүн акы төлөөдөн 9 адам бошотулган,ошондой эле сот иштерин кароодо төлөнүүчү акыдан 7 адам жеңилдик,паспорт ала албай жүргөн 1 тоголок жетим, 2 жаран өтө жакыр үй бүлө айыл өкмөттүн административдик учетуна отургузуп паспорттору алынып берилди.
Каргалык айыл аймагында 397 жөлөк пул алуучу бар.
Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгу чектелүү 1-2-3 топтогу адамдардын дарылануусуна жана аз камсыз болгон үй бүлөлөргө колдоо көрсөтүү ошондой эле мектеп окуучуларынын ар кандай олимпиада жана мектеп лигасына, мугалимдердин конкурстарына колдоо көрсөтүү максатында 523,4 миң сомго жардамдар берилген, мындан сырткары Кургак учук менен ооруган 4 адамга 18,0 миң сом акча каражаты берилген.
Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгына карата спорттук иш чараларына 30,0 миң сом жумшалды
1-Октябрь Улгайган жарандардын күнун өткөрүүдо 120,0 миң сом, 100 карыга сый тамак берилди.
Каргалык айыл аймагына караштуу жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучулары мектеп окуучулар арасында предметтик олимпиадаларга, Коомдук биринчи канал жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аткарылып жаткан Нарын шаарында өтүүчү “Манас таануу” интеллектуалдык таймашына,”Мектеп лигасына” жана спорттук ар кандай оюндарына катышкан окуучуларга материалдык колдоо көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 184,4 миң сом.
Мектептер арасында жаштарды адеп ахлактыкка, мекенчилдикке тарбиялоо мектептерде жашы жете элек өспүрүмдөрдү түнкүсүн саат 22 ден танкы 6 га чейин чон адамдардын коштоосуусуз көңүл ачуу жайларда,интернет клубдарда, скверлерде, базарларда жүрүшүнө чектөө коюу боюнча сунуштарды киргизүүнү сунушталууда. Атайын рейддер жүргүзүлүүдө мектеп дирекциялары менен тыгыз байланышта болуп, бул боюнча иштер жүрүүдө.
Балдар иштери боюнча 2 маселе БИКте каралып, иш пландын негизинде иш жүргүзүлүп келе жатат. Материалдык колдоолор көрсөтүлүп Шырдакбекова Айгүлгө 5,0 миң сом акча каражаты берилди.
Жашы жете элек балдар арасында тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин ичүү баңгизаттарды колдонууларына бөгөт коюу боюнча тегерек столдор өткөрүүнү уюштуруу иштери жалпы билим берүүчү орто мектептерде колго алынууда. Ошондой эле Райондук укук коргоо органдары, РСӨБ, РБББ, ИДН менен биргеликте түшүндүрүү иштери сентябрь айында жүргүзүлдү.
Кыргыз республикасынын Президентинин 28.10.2017-жылдагы № 231 «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө Жарлыгына ылайык,Тарыхтын жана дүйнөнүн өзгөрүлүшүнө жол ачкан Улуу Октябрь Социалисттик революциясына 2022-жылдын 7-ноябрында 106 жыл толуп, ХХ кылымдын башында Россиянын таасирине кирген элдер репрессиялар Кыргызстандын экономикасындагы, билим берүү, маданият жана илим жаатындагы көптөгөн келечектүү ири долбоорлорду жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Кыргызстанда жыл сайын 8- ноябрда Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленет, 2022-жылы бул датага 86 жыл толот.
2016-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшүнө жана каргашалуу окуяларга 1917-жылдагы февраль жана октябрь революцияларында совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү максатында, айыл аймагына караштуу 4 жалпы билим берүүчү орто мектептерде тарбия сааттар өтүп, стенддер уюшулган, ошондой эле бабаларга таазим этүү менен эскерүү күнү 7-ноябрда белгиленди.
12-ноябрда Айыл чарба күнүн белгилөөдө Айыл аймагына караштуу жергиликтүу тургундарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программанын негизинде ата-балалардан келе жаткан нарк насилдерибизди кийинки муундарга жеткирүү боюнча улуттук ондар, ат чабыш, улак тартыш ж.б оюндарды өткөрүүгө жана эмгектин алдыңкыларына материалдык колдоо көрсөтүү сый акыларды сыйлоого жалпы 58,9 миң сом акча каражаты жумшалды.
3-декабрь Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын күнүн өткөрүүгө карата өткөн эстефетага Каргалык айыл өкмөтү 20,0 миң сом колдоо көрсөтүү менен ДМЧлар арасынан кол өнөрчүлүк менен алектенген адамдар, өнөрпөз адамдар концерттик программага катышышты. Ошондой эле сырткары ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдарга белектер берилип, андан башка үйдө баса албаган ДМЧлардын үйлөрүнө кыдырып ал абалдарын билип, камкордук көрүү менен социалдык колдоолор көрсөтүлдү. Жалпы ДМЧларга 48,9 миң сомдук акча каражаты сарпталды.
28-31- декабрда Жаңы- Жылдык балатыны өткөрүүгө карата айыл аймакка караштуу 5 бала бакчага же 504 балага 118,4 миң сомдук таттуу белектер берилди.
Мындан сырткары мектептин алдыңкы окуучуларына жана томолой жетим аз камсыз болгон үй бүлөнүн балдары жалпы 75 балага таттуу белектер берилди, жалпы 42,0 миң сом.
Гендердик тенчилик программасы боюнча:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетини 16.09.2022-жыылдагы № 513 “2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча Кырыгыз Республикасынын Улуттук стратегиясы жана Кыргыз Республикасынын Гендердердик теңчиликке жетүү боюнча 2022-2024-жылдарга улуттук иш аракеттер планы жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында 25-октябрь айында Депутат айымдар менен биргеликте Аялдар арасында өткөрүлгөн спорттук иш чаралар валейбол оюнун өткөрүүгө Каргалык айыл аймагынан 2 команда катышып,3 орунга же 6,0 миң сом, Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин айымдар командасы 5,0 сом менен сыйланган, мындан сырткары мыкты оюнчуларга 0,3 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышкан. 26-октябрь күнү райондук маданият үйүндө депутат айымдан К.Мамырова, Н.Бакасовлардын демилгеси менен “Аялдардын жерге болгон укугу” деген темада райондук деңгээлде семинар өткөрүлдү. Бул иш чаралардын өтүшүнө Каргалык айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 35,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги “Үй бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү” балдарга карата ырайымсыз мамилелерди жана зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында мигрант ата-энелердин балдарынын үймө-үй жеринде кыдыруу жана мектептерге чыгып, камкорчу көзөмөлчүлүккө алынган балдарды көзөмөлчү – камкорчу ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен сырттан келген небере же жээндер мигрант болуп кеткен ата-энелердин балдарын кыдырып табуу менен аларга аяр мамиле, зордук зомбулук көрсөтпөө жагын баса белгилөө менен милдеттүү түрдө мыйзам чегинде иш аракеттер көрүлүүдө.
“Үй бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү” мектептердеги окуучулар дил баян жазышкан , мыкты жазган 10 окуучуга ар бирине 0,2 миң сомдон 2,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен берилди.
Аялдар көбүнчө айыл чарбасында, маданиятта, билим берүүдө, өнөр жайда, медицинада, социалдык тармагында, жетекчилик кызматтарда жана калкка кызмат көрсөтүүдө эмгектенишет. Тегерек үстөлдө жергиликтүү деңгээлде гендердик саясат боюнча консультациялык кеңештерди түзүү, кадр саясатына көңүл бөлүү, бардык чечимдерди кабыл алууда аялдар менен эркектерди бирдей деңгээлде камсыз кылуу, жетекчи кызматтарга жергиликтүү кеңештин депутаттарына аялдарды тартуу, гендердик мамилелерди жайылтуу боюнча талкуу жүргүзүлүп келүүдө.
Кыргыз Республикасынын Административдик Кодексинин негизинде, чаралар көрүлүп, зордук-зомбулук кылган атуулдарга үй бүлөлүк зомбулук боюнча коргоо түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Зордук зомбулукка жол бербөө маданиятын өнүктүрүү максатында
“Коомдогу аялдын орду,” жана “Эненин көз жашы” аттуу тегерек стол айыл аймактын айылындагы мектептерде жана мекемелерде аялдардын катышуусу менен өтүлдү, мында үй-бүлөдө өзгөчө аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо, диний экстремизмге каршы жана алдын алууга,аялдардын, балдардын укуктары жана балдарды тарбиялоодо ата-эненин милдеттери, жоопкерчиликтери боюнча үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн катышуусу менен тушүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айылдын имамы жана диний кызматкерлер тарабынан калк арасында, жума намаздарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө..
Үй бүлө арасында үй бүлөлүк аялга зордук зомбулук көрсөтүү боюнча 1 үй бүлө катталып, үй бүлө арасындагы 2 баласы бар, 2 топтогу ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген келинге зордук зомбулук көрсөтүлгөн, балдарына жакшы тарбияга берүүгө,жакшы билим алуусуна көмөк көрсөтүүнүн ордуна балдары менен үйдөн кууп чыккан. арыздары Аксакалдар Сотунун кароосуна жөнөтүлгон,бирок кайра элдешүүнүн негизинде арыздары артка кайрылып алынган.
Зордук зомбулукту болтурбоо, аларга бөгөт коюу боюнча элге түшүндүрүү иштери жургүзүлүүдө.
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” 2022-жылы 24-февралындагы ПЖ № 54 Жарлыгына ылайык, жана Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациянын 2022-жылдын 28-февралындагы № 55-б буйругунун негизинде, Каргалык айыл өкмөтүнүн 07.03.2022-жылдын № 6 протоколу менен аппараттык жыйын өткөрүлүп. түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик админстрациясынын 29.06.2022-жылдагы № 01-32/1890 сандуу каттынын негизинде, Каргалык айылдык кеңешине сунуштап, 30.06.2022-жылы № 36 токтому менен “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” 2022-жылы 24-февралындагы ПЖ № 54 Жобону бекитип, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан, Жобо юстициядан өткөрүлдү.
Казарман, Чет-Булак айылдарында байма-бай түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 2022-жылдын 11-март айынан баштап, бүгүнкү күнгө чейин 40 адам каза болгон, ал эми 2023- жылы январь айы ичи 2 адам каза болду, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө, тиешелүү жактарга маалымат берилип жатат.
Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүу программасын ишке ашыруу” боюнча иш чаралардын планына ылайык айыл өкмөттөгү жалпы билим берүүчү орто мектептерде, тилди өнүктүрүүгө арналган бурчтарды уюштуруу, тарбиялык сааттар, класстан тышкаркы иштерди уюштуруп өткөрүү, Иш кагаздарын жүргүзүүдө компьютерлерге кыргыз алфавитиндеги (ө.ң, ү) тамгаларын киргизилген, көрнөк-жарнактар 2 жерге илинген.
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “ 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн Улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын турмушка ашыруу жөнүндө “ № 1 токтомуна толуктоо киргизилип, 2022-2026-жылдарга туризм тармагын өнүктүрүү боюнча кошумча иш чаралар иштелип чыгып,сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткаруу жагы колго алынган.
2019-2023-жылдарга карата Тогуз-Торо районунда туризмди өнүктүрүү боюнча программанын негизинде айыл өкмөттө иш план кабыл алынган, ошонун негизинде төмөндөгүдөй иштер жүргүзүлүп келүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 16-март 2022-жылдагы “Туруктуу туризмди өнүктүрүү максатында регионалдык форумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын түзүү жөнүндө” №66-б буйругуна ылайык жана 2022-жылдын 19-21-май күндөрү Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу Жаңгактуу-Булак айылында өтүүчү ”Улуу Жибек жолунда жашыл ааламга саякат-Жалал-Абад-2022” регионалдык туристтик форум фестивалына катышууга ууз чебер Балбаева Айнишке колдоо көрсөтүлдү.
Жергиликтүү элдин жана туристтердин курчап турган айлана чөйрөгө аяр мамиле жасоо,таштандыларды таштабоо айылды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерине активдүү катышуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын көйгөйлөрүнө аймактын элинин көңүлүн бурууда 2022-жылдын 18-февралындагы № 18 буйругунун негизине конкурс жарыяланып,Жаштар Масиров Калыс,Тилегенова Назгүлдөр тарабынан “Ынтымактуу эл-көрктүү айыл долбоору” жактырылып,ишке ашырылып,Нуржайык кичи шаарчасына 7 челектүү гүл койгучтары 63 гүл челеги менен декаративдик металл көчө гүл койгучтары орнотулду.Мындан сырткары Тогуз-Торо райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан акы төлөнүүчү коомдук жумуш аркылуу 12 адамды жумушка тартып, убактылуу жумуш менен камсыз болушту же 31,3 миң сомдук эмгек акы төлөндү. Каргалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 15,0 сом өздук салым төлөндү. Гүл текчелерин орнотуу жана гүлдөрду коюу(63 гүл челек) Тогуз-Торо райондук ЖААК бөлүмү,Тогуз-Торо РЭСӨБ, АА “Телеком”дун Тогуз-Торо райондук маданият үйү,жеке ишкер Апасов Кенжегүлдар милдеттерин алышат. Бул мекемелердин кызматкерлеринин жана бир ишкердин салымы 31,5 миң сомду түздү. Жыйынтыгында айыл аймакка караштуу Казарман айылынын жашоочулар арасында гүл фестивалы уюштурулуп жергиликтүү тургундар активдүү катышып,ар бир жаран өзүнүн гүлдөрүн алып келип, салымын кошушту жана жарандарга жагымдуу маанай, демилгелүү болууга түрткү берилди. Айылдын көркүнө көрк кошо тургандай кылып гүл кесе уланып кетүүдө, Жээналиев көчөсү гүл челеке акырындап айланууда, келген коноктордун көңүлүн бурат. Ошондой эле Ж.Кыдыров атындагы паркка карагайлардын көчөттөрүн аймактагы мекеме-ишканалар,айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөттүн кызматчылары отургузушту жана парктын ичи таштандылардан тазаланды.
Каргалык айыл аймагына дагы бир жаңы ачылыш туристерди кабыл алуучу туристтик конок үйү “Кazarman Monte” жеке ишкер Мамасалиева Анара 2021-жылдын август айынан бери Казарман айылын Кадыркулов көчөсүндө жайгашкан атайын конокторду тосуу үчүн каттоодон өтүп бүгүнкү күндө иш жүргүзүлүп жатат.
Каргалык айыл аймагына караштуу туристерди кабыл алуу конок үйлөрү 5 конок үйлөрү 2022-жыл ичинде жалпы 157 чет өлкөдөн келген туристерди жана кызматтык сапарлар боюнча жергиликтүүлөр 107 адам кабыл алышкан, 19,6 миң сом салык, камсыздандыруу полюси катары 23,3 миң сом төгүлгөн.
Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорлорунун алкагында ички жана сырткы инвестицияларды тартуу жана туризм тармагындагы инвесторлорго шарттарды түзүү, жеңилдиктерди кароо боюнча сунуштарды киргизүүдө атайын “Жаш” тур” долбоорунун алкагында “Кazarman Monte” конок үйү боюнча жеке ишкер Кудайбергенова Анара 2021- Аялдардын ӨЭУ форуму уюштурган “Аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо” боюнча окуудан өтүп, “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фонду ишке ашырган “Жаш тур” долбоору аркылуу “Booking/com” жана “Gugl “ картага” кирген, сынакка катышып 135,0 миң сомго чейинки сертификатка ээ болгон.
Туристтик обьектилерге ички жана сырткы туристтер үчүн эс алуу мейманканаларын, тамактануу жайларын куруу боюнча сунуштарга ылайык, кыргыз-орус-англис тилдериндеги көрсөткүчтөрдү орнотууну колго алуу боюнча “Кazarman Monte” конок үйүнүн жеке ишкери Кудайбергенова Анаранын демилгеси менен “Я люблю Казарман” стелла инсталяциясы Казарман айылынын борборуна Маданият үйүнүн алдына орнотулган. Бул инсталяция Казарман айылына көрк берип, жашоочуларга жана келген конокторго, туристерге жагымдуу маанай тартуулоодо.
Айыл аймагындагы элге келген туристтерге карата мейман достук мамилени түзүүгө багытталган мамилени түшүндүрүү, каада-салттарыбызды, мурастарыбызды, тарыхый аталыштагы жерлерибиз жөнүндө, этно буюмдарыбызды сакталышы, кыргыз элинин жашоо шартары боюнча агартуу иштерин жүргүзүү, мындан сырткары массалык маалымат каражаттары интернет баракчалары аркылуу чагылдырылып келүүүдө.
Айыл аймакка келген туристтердин жана алардын экономикага тийгизген таасири боюнча толук маалыматтык учетун туристерди кабыл алуучу туристтик конок үйлөрдүн ээлери менен биргеликте иш жүргүзүү жагы колго алынып келүүдө.
Кыргыз Республикасынын улуттук программаларында белгиленген максаттардын негизинде, ”Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү боюнча 2026-жылга чейинки улуттук программа” жана “Кыргызстан аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча 2022-2026- жылдарга карата улуттук программа” иш чаралар планынын негизинде айыл аймагында аялдар ишкердигин алдыга сүрөө максатында 2022-жыл ичинде 65 тигүүчүлүк жумушчу орун, бал таңгактоо менен 3 орун, дизелдик апаратура оңдоочу цех -1 орун жана 5 бала Асфальт заводуна, Мал сою цехине 2 бала, Макмалголд компаниясы айыл өкмөттүн сунушу менен 2 адам жумушка орношкон, мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 “Социалдык контрактын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, айыл аймактагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө Социалдык контрактын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” жобонун негизинде 3 жылдык мөөнөт менен 100,0 миң сомдон жарандарыбьзга райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте буйрукта көрсөтүлгөн боюнча 15 аялга жумушчу орун түзүлгөн.
Райондук координатор Жеңишова Алтынайдын демилгеси менен “Аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо” боюнча окуудан өтүп, Жалал-Абад облусуна 4 айым катышып Атыканова Анара, Мусаева Роза, Мокеева Венера жана Мамасалиева Анаралар катышып ар бири 135,0 миң сомго чейинки сертификаттарга ээ болушкан жана жабдууларды алышкан.
Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнөн баштап 10-декабрга Адам укугунун эл аралык күндөрүн өткөрүү максатында 2022-жылдын 25-ноябрынан 10-декабрга чейин “Зомбулуксуз 16 күн” өнөктүгү жарылангандыктан, Каргалык айыл аймагында атайын буйрук, иш планы кабыл алынып, ар кандай спорттук иш чаралар жана семинар-тренигдер өткөрүлдү. Мындан сырткары айыл аймакка караштуу жалпы билим берүүчү орто мектептерде жана китепканаларда стендер чыгарылып иш чаралар байма-бай өткөрүлдү. Атап айсак 28-ноябрда Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде спорттук эстефета оюну өткөрүлүп, СПИД/ВИЧ боюнча ар кандай чакырыктар “Ден-соолугуң болсо, баардыгын табасың”, ”Дени соонун жаны соо”, ”Ынтымак”, ”Сергек жашоо” “Чемпион”, “ Вестком” командалары ат салышып, 1-байгелүү орунга ”Сергек”жашоо командасы алды. Бул эстефетаны өткөрүүгө айыл өкмөт тарабынан 5,0 миң сом, ошондой эле райондук жалпы дарыгерлер борбору менен биргеликте “Баарыбыз жашагыбыз келет” деген темада СПИД боюнча семинар өтүп айыл өкмөт 5,0 миң сомго колдоо көрсөтүлдү.
Мындан сырткары Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын күнүн өткөрүүгө карата өткөн эстефетага Каргалык айыл өкмөтү 20,0 миң сом колдоо көрсөтүү менен ДМЧлар арасынан кол өнөрчүлүк менен алектенген адамдар, өнөрпөз адамдар концерттик программага жалпы 35 ДМЧ катышышты. Ошондой эле сырткары ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдарга белектер берилип, үйлөрүнө кыдырып ал абалдарын билип,камкордук көрүү менен социалдык колдоолор көрсөтүлдү.
Майыптуулугу бар жарандарды кадырын көтөрүп, коомчулукка аралаштыруу максатында “ДМЧА-ЛОВЗ” коомдук фонду тарабынан демилгеленген “Бирге көтөргөн жүк -жеңил болот” аттуу республикалык масштабда уюштурулуп, фестивалдык эстефета Жалал-Абад облусуна өткөндүктөн, 15-16 сентябрь 2022-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунда коомдук бирикмелер, фонддор аркылуу уюштурулган ДМЧлар арасында өткөрүлгөн спорттук спортакиадага 4 ДМЧА катышышты, барып келген жол кире акылары толугу менен айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетен сарпталды.
Жалпы ДМЧларга 49,0 миң сомдук акча каражаты сарпталды, ал эми СПИД/ВИЧке 10,0 миң сом, Аялдарга карата Зордук-зомбулукка каршыбыз! жана “Дин фунтаментализм” деген семинар-тренинг өтүп кыздарды эрте ала качууга бөгөт коюу, динийй агымдардын жайылышына бөгөт коюу, жана аялдарга карата зордук зомбулукка бөгөт коюу,” Аялдардын жерге болгон укуктары”, “Аялдардын сергек жашоосу” спорттук иш чараларды өткөрүүдө, айылдык кеңештин депутат айымдары К.Мамырова, Н.Бакасова, Р.Мамбеталиева ж.б депутат айымдар колдоо көрсөтүшүп, жалпы 51,5 миң сом же 110,5 миң сом жумшалды. Айылдык Кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн адистеринин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан.
Айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өсүп өнүгүшүнө салым кошкон аймактын тургундарына жылдын жыйынтыгы менен Айылдык Кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөттүн адистеринин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигерлүү катышкан жана айыл аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын, мекеме ишканалардын ишине баа берип, жылдын аягында аларды сыйлоо жөнүндөгү буйругуна ылайык, 1 мекеме,1 ишкана жана 10 айылдын тургундарына номинация жана акчалай сый акылар берилди.
Аз камсыз болгон балдары бар үй бүлөлөргө балдары үчүн жөлөк пул алууда дагы көп кыйынчылыктар болууда, ата-энелери менен бирге каттоодо турат, алардын пенсиялары эсептелинбейт, бирок балдарына жөлөк пул чектөө учурунда алардын карамагындагы малы-мүлкү кошо эсептелингендиктен кедерги болуп калууда ошондуктан, балдарына тиешелүү турак жайы болбогондуктан, Санарип аймак боюнча турак жайдын коду ата-энесине тиешелүү, аргасыздан чогуу катталууга туура келет, бул маселе боюнча Жогорку Кеңеште дагы каралууда.
- Көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлыктарга 8 “Баатыр Эне” ордени”, 5 “Эне Даңкы” медалына көрсөтүү боюнча документтери даярдалып берилди. Бул документтер Жобонун негизинде көпчүлүк энелердин документ даярдоодогу кыйынчылыктарын, убаракерчиликтерин эске алып, айрыкча соттуулуктары боюнча кайра кароону сунуш кылышууда.
- Жогорку органдардан келген, мамлекеттик программалар, Жарлык, токтомдор, укуктук актылар боюнча да иштер жүргүзүлүүдө.
- Жеңилдиктер боюнча:
| № п/п | Женилдиктин
түрү |
Саны |
| 1 | Согуштун майыптары | – |
| 2 | Согуштун катышуучулары | – |
| 3 | Тылда эмгектенгендер | – |
| 4 | Согушта курман болгондордун үй-бүлөсү | 2 |
| 5 | ИИМдин пенсионери | 10 |
| 6 | Афган согушунун катышуучулары | 7 |
| 7 | Тажик чек арасында катышкандар | 5 |
| 8 | Баткен коогалаңына катышкандар | 3 |
| 9 | Согушка катышып документи жоктор | – |
| 10 | Персоналдык пенсионер | 7 |
| 11 | ЧАЭСтин катышуучусунун жесири | 1 |
| 12 | Египеттин катышуучусу | 1 |
| 13 | Советтик армиянын майыбы | 1 |
| 14 | Томолой жетимдер | 8 |
| 15 | Жарым жетимдер | 148 |
| 16 | Опекунга берилген балдар айыл өкмөт боюнча | 40 |
| 17 | ДЦП майыптар | 20 |
| 18 | 18 жашка чейинки майыптар | 101 |
| 19 | Бала кезинен 18 жаштан жогорку майыптар (1,2,3 топ) | 25+76+47=148 |
| 20 | Жалпы оорусунан майыптар( 1,2,3 топ) соц коргоо | 4+22+8=34 |
| 21 | Жалпы оорусунан майыптар (1,2,3 топтогу ) соц фонд | 21+284+77=382 |
| 22 | Иш үстүндө майыптар | 24 |
| 23 | «Баатыр Эне» орденин алгандар = 133 | 127 |
| 24 | «Эне даңкы» медалын алгандар | 132
|
| 25 | Багар көрөрү жоктор | 15 |
| 26 | Жакыр үй бүлөлөр | 1029 же 44,5% |
| 27 | Пенсионерлер | 745 |
| 28 | Пособия алган үй бүлөлөр | 397 |
| 29 | Окубай калган балдар | – |
| 30 | Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоктор | – |
| 31 | Кожолук | 2265 |
| 32 | Калктын саны | 12082 |
Юридикалык иштер боюнча:
Аппараттын кызматкерлеринин бир жылдык иш пландары, функционалдык милдеттери алар менен биргеликте иштелип чыкты жана буйруктардын долбоорлору даярдалды. Иш планга ылайык, кызмат көрсөтүү алкагында кайрылган жарандарга бекер юридикалык жардамдар өз убагында берилди. Алар көбүнчө турак-жай, жер, банктардан кредит алуу, үй-бүлөлүк маселелер боюнча.
Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана башка, министрлик, ведомстволорго, ыйгарым укуктуу өкүлгө жергиликтүү маселелерди чечүү менен байланышкан кайрылуулар боюнча жалпы 277 кат даярдалып жөнөтүлгөн. Терроризмди жана диний экстремизмди алдын-алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүп келүүдө. Айылдык кеңештин депутаттарынын отурумдарына катышуу менен чечимдерине, токтомдорунун кабыл алынышына көмөктөшүп, сессиянын кароосуна маселелер коюлуп, алардын чечимдери кабыл алынууда жана ошондой эле Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атынан соттук отурумдарга өкүл болуп катышуу, айыл аймагынын кайрылган атуулдарына мыйзам чегинде юридикалык жардамдар берилип арыз даттанууларга кат жүзүндө жооптор берилген. Ошондой эле айыл өкмөттүн бөлүмдөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздалууда, коомдук уюмдардын иштерин жандандыруу боюнча иштер жүргүзүлүдө жана Жайыт комитетинин, “Каргалык МТС”, “Таза Кызмат” жана “Тогуз-Торо Таза-Суу” муниципалдык ишканаларынын иш алып баруусуна мыйзам чегинде жардамдар берилип келүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 04.04.2022-жылдагы чыгыш №01-41/211 сандуу катын аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексине ылайык Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн укук бузуулар жөнүндө протокол, токтомдорду катточулардын жана УББР каттого жооптуу кызматкерлердин тизмеси жөнөтөлүп алынып, 12 протокол жана токтомдор чыгарылып 8 эскертүү жана 4 айып пул салынды.
Ветеринардык иштер боюнча:
Эпизатолоогияга каршы иш чаралар боюнча 2022-жылдын 12 айына карата маалымат.
Каргалык айыл өкмөтүндө малдар арасында өтө коркунучтуу оорулар катталган жок.
Эпизоотиялык абал туруктуу жугуштуу оорулардын, алдын алуу, мите курт ооруларынан
арылтуу, ошондой эле дарылоо иш чараларын уюштурууда жеке менчик ветеринардык
адистер багыт берип көзөмөлдөнүп келүүдө.
Эмдөө иштери боюнча ири мүйүздүү мал.
- Шарп оорусуна – 17175 баш эмдөөдөн өткөрүлдү.
- Кара сан (эмкакр)- 6038 баш эмдөөдөн өткөрүлдү.
- Бруцеллез оорусуна -295 баш эмдөөдөн өткөрүлдү.
- Сибир жарасы оорусу аймакта катталган жок
Эмдөө иштери боюнча майда мүйүздүү малдар.
- Оспа оорусуна каршы 8751 баш эмдөөдөн өткөрүлдү.
- Бруцеллез оорусуна каршы эмдөө РЕВ-1 вакцинасы менен көзгө тамчылатуу -3495 баш
эмдөөдөн өткөрүлдү, калганы күз айларында жүргүзүлөт.
- Чума ооруусуна каршы 9721 баш эмдөөдөн өткөрүлдү.
- Пастеролос ооруусуна каршы-1355 баш эмдөөдөн өткөрүлдү.
Эмдөө иштери боюнча ит-мышыктар.
Ит-мышык кутурма оорусуна каршы 764 баш эмдөөдөн өткөрүлдү, жана 350 баш жок кылынды жана ит, мышык центодозуна дегельминтизация жүргүзүү кварталына бир жолудан болуп турат .
Эмдөө иштери боюнча үй канатуулары.
Үй канаттуулардын чума оорусу каршы штам “Н” менен эмдөө -7286 баш канатуу эмдөөдөн жана “Ла-Саmа” мурдуна тамчылытып эмдөө боюнча- 3339 баш канаттуу эмделди. Түрдүү жугуштуу ооруулар боюнча тургундардын чакыруусу менен иштер жүргүзүлүп, канаттуулар дарылоодон өтүп турат.
Каргалык айыл өкмөт башчысы Э.А.Артыкбаев